Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 06.05.2019 15:22

Баткенде гиластар бышып, сатыкка чыга баштады (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө гилас (гилас {диалект} — алча) бышып, сатыкка чыкты. Бул тууралуу айыл тургуну Данияр Бадалов билдирди.

Анын айтымында, алгачкы түшүм апрель айында эле бышкан. Бирок жаан көп жаагандыктан сатыкка ылайык болбой калган.

«Май айында бышуучу гилас 25-майда бышып калат. Быйыл жаан-чачын көп болуп, кымбатыраак сатылат деп күтүп жатабыз. Жылына 140-170 сомдон сатып алышып, Россияга алып кетишет. Менде азыр 30 түп бар. Тигилгенине 11-12 жыл болуп калган. 15 жылдан соң түп тамырын оодарып, жаңы көчөт тигебиз. Гиластын мындай түрү Кызыл-Кыя тарапта, көбүнчө Кадамжайда тигилген», - деди Данияр Бадалов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×