Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуБаткен району 06.05.2019 14:15

Баткендин Дөбө айылында таза суу жок, эл кошуна айылдан ташып келет

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү Дөбө айылында таза суу жок, эл кошуна айылдан ташып ичүүгө аргасыз. Бул тууралуу айылдын жашоочулары билдиришти.

Алардын айтымында, айылда туздуу суудан башка суу жок.

«Кир жууганга ушул шор сууну ташып алып колдонобуз. Ал эми ичүүчү сууну 4 чакырым алыстан ташып ичебиз. Ал да сааты менен чыгат, жетишсең аласың. Болбосо шаарга чыгыш керек болот. Анда да унааң болсо жакшы. Болбосо сууга деп бир күнүң кетет. Мындай айтканда эң көйгөйлүү маселебиз — ушул суу маселеси. Көп жылдан бери айтып келе жатабыз, жергиликтүү бийлик кабар да алышпайт», - деди Дөбө айылынын тургуну Довутали Муратбеков

Союз убагынан эле түптөлгөн айыл буга чейин Тажикстан иштетип келген кампадан суу ичишчү. Ал 4 жыл мурун Кыргызстандын Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына карап калган.

«Азыр 1,5 чакырым суу түтүгү тартылган. Дагы инвесторлор чыгып жатат. Дагы 1,5 чакырым түтүк уласак, айылдагы таза суу маселеси толук чечилет», - деди Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаев.

500дөй адам жашаган Дөбө айылына Төрт-Күл суу кампасынан башка жактардан суу алып келүү мүмкүнчүлүгү жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×