Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуБаткен району 06.05.2019 10:15

Чек арадагы Баткен—Кара-Бак жолу элди түйшүккө салууда

Turmush -  Баткен шаарынан Кара-Бак айылына кеткен 15 чакырымдай жолго асфальт төшөлгөн эмес. Элеттиктердин айтымында, жолдун начардыгынан кыйналып жатышат.

«Күнүнө миңден ашуун унаа жүрүп турат. Тынымсыз кыймылдан улам күн ысыганда чаң асманга сапырылат. Жаан-чачында көлчүктөр пайда болот. Мен көп жылдан бери Баткен—Кара-Бак каттамында эл ташыйм. Унаамды ар күнү устага каратам, болбосо жараксыз болот. Тапкан кирешенин тең жарымын унааны оңдотконго сарптайм. Өткөндө өкмөт башчы келди. Жолдорго суу чачып, чуңкурларды жамап коюшуптур. Атка минерлер келсе эле жолубузду эптемей, көз боёмочулук башталат. Андан көрө асфальттап беришсин. 2017-жылы «2018-жылдын планына кошобуз» дешти. 2018-жылы кайра «2019-жылга калды» дешти. Бирок кыймыл жок. Эл кыйналып кетти. Бул жолдон Тажикстанга өткөн чоң унаалар да жүрөт», - деди Кара-Бак айылынын тургуну Курбанбек Сапаров.

Жергиликтүүлөр бийлик өкүлдөрүнө кайрылганы менен натыйжа болбой жатат деп даттанышат. Буга чейин Ош—Баткен—Исфана жолунун курулуш иши менен кошо аталган жол да оңдолот деп айтылган. Бирок убада аткарылган эмес.

«Бул жол айыл өкмөткө караганы менен Транспорт министрлигинин балансындагы жол. Андыктан биз эч нерсе кыла албайбыз. Жакынкы күндө министрлик менен сүйлөшүп, жол маселесин чечебиз», - деди Кара-Бак айыл аймагынын башчысы Тургунбай Нишанбаев.

Кара-Бак айылы Тажикстан менен чектешет. Анда 6 миңден ашуун адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×