Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 04.05.2019 18:14

Кадамжайда үйлөргө кооптуулук жаратып жаткан тоо боорундагы таштар алынды

Turmush -  Бүгүн, 4-майда Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн Кара-Кечүү тилкесинде үйлөргө кооптуулук жаратып жаткан тоо боорундагы таштар алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, таштардын кооптулугу боюнча жергиликтүү тургундар ӨКМге кайрылышкан. Бүгүн таштарды атайлап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн жалпы 35 куткаруучу тартылды. Саат 16:27де кооптуу таштар толук алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×