Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуКадамжай району 04.05.2019 17:40

Кадамжайдын Чаувай айыл өкмөтүндө жер көчкү коркунучунан улам ондон ашык үй-бүлө чатырларга көчүрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Чаувай айыл өкмөтүнүн Ясная Поляна тилкесинде 29 үйгө жер көчкү түшүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал жерге 10-апрель күнү ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынан 10 орундуу 15 даана чатыр бөлүнүп берилип, 11-апрель күнү тигилген. 3-май күнү 29 үй-бүлөнүн 12 үй-бүлөсү тигилип берилген чатырларга көчүрүлдү. Бүгүн жерине Кадамжайдан5 куткаруучу, РЭТтен 2 кызматкер, айыл аймактан 12 кызматкер, РИИБден 2 кызматкер, медициналык кызматынан 1 бригада жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, көчүрүлгөн 12 үй-бүлөгө шарт түзүп берүүгө көмөк көрсөтүштү. Ал эми калган 17 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча пландар түзүлүп жатат.

Аталган жер көчкү 1994-жылы активдешип, андан бери көзөмөлдө турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×