Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусу, Баткен 04.05.2019 14:52

Баткендеги ооганчы, чернобылчы ардагерлер согуш ардагерлерине белектерди тапшырышты

Turmush -  Бүгүн, 4-майда Баткен шаарындагы Ооган согушунун ардагерлер кеңеши жана Чернобыль апаатынын ардагерлер кеңеши Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, алар Улуу Жеңиштин 74 жылдык маарекесине карата согуштун Баткен шаарындагы ардагерлери Рахматов Ашир ата менен Бурканов Сыдык аталарды куттукташты. Аларга атайын камдаган белектерин тапшырышты. Аксакалдар келгендерди бата берип узатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×