Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуБаткен району 03.05.2019 17:11

Баткендин Самаркандек айылында кичи футбол аянтчасы ачылды

Turmush -  Бүгүн, 3-майда Баткен районунун Самаркандек айылында кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жеңиш майрамынын 74 жылдыгына карата ачылган аянтчанын курулушун Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Пирмат Абдусаламовдун уулу Маширап Абдусаламов каржылаган. 6,5 млн сомдук аянтчанын курулушу 2018-жылы июль айында башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×