Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 03.05.2019 16:25

Кадамжайдын Марказ айылында сармерден жана күрөш боюнча мелдеш өттү

Turmush -  1-майда Кадамжай районунун Марказ айыл аймагында Эмгекчилердин күнүнө карата сармерден жана күрөш боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Марказ айыл аймагынын маданият үйүнүн башчысы Динар Рахманова билдирди.

Маалыматка караганда, жыл сайын 1-май күнү майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп турат. Быйыл элдин суроо-талабынын негизинде жигиттер жана кыз-келиндер ортосунда сармерден дагы уюштурулду.

«Сармерденге айыл өкмөттүн ар бир айылынан топтолгон таланттуу жигиттер жана кыз-келиндер катышты. Бул иш-чарага Кадамжай районунун ичиндеги айыл өкмөттөрдөн коноктор келип, майрам шаңдуу өттү. Мындан сырткары улуттук оюндардан күрөш уюштурулуп, ага 100дөн ашуун спортчулар катышып, 40 кг салмактан 100 кг салмакка чейинки балбандар күрөштү. Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр жана айылдын улакчы, балбан жигиттеринин атынан байгеге 5 сыналгы, суу кайнатуучу 5 термос жана турмуш тиричиликке керектелүүчү баалуу белектер тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×