Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуЛейлек району 03.05.2019 12:42 На русском

Айыл турмушу: Лейлектик уста Б.Теңирбаев жыйнала турган бешиктерди жасап, сынч үйлөрдү курат (видео)

Turmush -  Лейлек районунун Чимген айылынын 50 жаштагы тургуну Ботобек Теңирбаев мектепти аяктагандан бери жыгач устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылык боюнча атайын билим алган.

«Мектепти аяктаган соң 1986-жылы Исфана шаарындагы №48 лицейдин жыгач устачылык бөлүмүндө билим алдым. Ал жактан устачылыктын негизги эрежелерин үйрөндүм. Чыныгы жыгач устачылыкты өзбек улутундагы устатым үйрөттү. Аны менен чогуу союз тараганга чейин иштешип жүрдүм. Баткен чөлкөмүндө өзгөчө деп айтылып жүргөн сынч үйлөрдү куруунун жолдорун үйрөндүм. Сынч үйдүн дагы 2 түрү болот. Кош сынч жана сынч үй деп бөлүнөт. Эл мүмкүнчүлүктөрүнө жараша сынч үйлөрдүн түрүн курдуруп келген. Сынч үй куруп жатып жыгач менен иштөөнүн жолун дагы терең өздөштүрдүм. Анткени сынч үйдү курууда жыгач көп керек болот.

Союз тарагандан соң өзүмчө иштей баштадым. Жыгачтан үй тиричилигине керектүү болгон ар кандай буюмдарды — казандын капкактарын, үй эмеректерин, эшик-терезлерди, жалпысынан жыгачтан эмне жасалса баарын жасайм», - деди ал.

Каарманыбыз мындан тышкары интернеттен карап дагы көп буюмдарды жасайт.

«Бүгүнкүн күндө адамдын ишин жеңилдете турган буюмдарды жасап алсак болот. Аларды жасоонун жолдору интернетте көрсөтүлгөн. Бир гана изденүү жана чыгармачылык керек. Интернетти карап отуруп жерди казчу бешиликтин түрүн көрүп калдым. Ал ыңгайлуулугу менен жакты. Аны жасап алып, колдонуп жатам. Андан сырткары жүн тытуучу аппарат жана жыйналуучу бешик жасадым. Бүгүнкү күндө жыйналуучу бешикке болгон суроо-талап көбөйдү. Анткени аны заман талабына ылайыкташтырып жасадым. Керектүү болгон учурда колдонуп, керек эмес учурда жыйнап койсо болот», - деди ал.

Устанын жубайы дагы кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал бешикке керектүү болгон жабдыктарды тигет.

«Жубайым Мыскалай Карабекова менен 28 жылдан бери жашайбыз. Ал мен жасаган бешиктерге жабдыктарды тигет. 3 уул, 1 кызыбыз бар. Бүгүнкү күндүн жаштары башкача. Алардын көпчүлүгү кол өнөрчүлүккө кызыкпайт. Уулдарымды кол өнөрчүлүккө үйрөтөйүн десем, алар кызыкпай жатат», - деди Ботобек уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×