Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуБаткен району 02.05.2019 09:41 На русском

Баткенде жолдун боюнан аял кишинин жансыз денеси табылды

Turmush -  Кечээ, 1-майда Баткен районунун Миң-Булак айылы тараптан, Ош—Баткен—Исфана жолуна жакын жерден аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон аял Баткен районунун Самаркандек айылынын 1976-жылы туулган тургуну экендиги айтылууда. Учурда анын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, 1-май күнү саат 12:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак айылынан өткөн Ош—Исфана жолунун боюндагы каналдан 40-45 жаштар чамасындагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, ал Баткен районунун Самаркандек айылынын жашоочусу 42 жаштагы Т.Б. экендиги аныкталды. Аталган факт Баткен РИИБде катталып, сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×