Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 01.05.2019 17:07 На русском

Жумуртка уруштуруу, спорттук оюндар: Кадамжайдагы майрамдан видео

Turmush -  Бүгүн, 1-май күнү Кадамжай районунда Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жер-жерлерде жумуртка кагыштыруу жана короз уруштуруу, футбол, волейбол, бильярд жана стол тенниси боюнча мелдештер өткөрүлүп жатат. Кара-Жыгач айылынын тургуну Ильяз Адамовдун айтымында, 1-май күнү айылдарда кошуналардын ортосунда же коңшу айылдардын арасында оюн-зооктор уюштурулуп келген. Бул күнү айыл тургундары жумурткаларды ар кандай түстөргө боёп, аларды кагыштырышкан. Кимдин жумурткасы сынып калса, аны жеңүүчүгө берген. Андан сырткары тургундар ортого акча топтоп, короздорду уруштурушат.

«Мындай иш-чаралар жыл сайын өтүп келет. Учурда бильярд боюнча мелдеш өтүп жатат. Мында окуучулар, 30 жашка чейинкилер, 50 жашка чейинкилер жана 50 жаштан жогорку болуп бөлүнүп ойношот. Анын жыйынтыгында 50 жаштан жогоркулар арасында Эркин Табалдиев жеңишке жетишти. 1-орунга 600 сом, 2-орунга 500 сом, 3-орунга 300 сом байге коюлган. Футбол жана бильярд боюнча мелдештерге жалпысынан 5 миң сом каралган», - деди И.Адамов.

Мелдештер жыл сайын Көтөрмө айыл аймагына караштуу Тамаша айылында да өтүп келет. Тамаша айылынын башчасы Муса Темировдун айтымында, бүгүн эртең менен айылдын борборунда 200дөн ашуун жергиликтүү тургундар чогулуп, жумуртка уруштурушуп, андан кийин футбол жана волейбол боюнча мелдештерди өткөрүшкөн. Быйыл спорттук мелдештерге жаштар өздөрү акча топтошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×