Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуБаткен району 01.05.2019 14:08 Жаңыланды: 01.05.2019 16:16 На русском

Баткенде жумурткалар уруштурулуп, «атаманы» аныкталып жатат. Видео

Turmush -  1-май — Эмгекчилер күнүнө карата Баткен районунун Кара-Булак айылында жумуртка уруштуруу мелдеши өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдыктар жыл сайын өтүүчү бул мелдешке улуу-кичүүсүнө карабай жалпы катышышат.

«Мен кечээ 6 жумуртканы сууга бышырып, даярдап койгом. Жумурткаларды бири-бирине чабабыз. Кимдики сынып калса ал жумурткасын уткан адамга берет. Азыр досторум дагы келишти. Биз жылда бул оюнду 1-майда гана ойнойбуз», - деди Кара-Булак айылынын тургуну Эрбол Абдиллакимов.

Жумуртка уруштуруу мелдеши жыл сайын өтөт:

Кадамжай районунун Тамаша айылында жумуртка уруштуруу мелдеши өтүп келет. Turmush басылмасы айылда 2014-жылдагы мелдешке күбө болгон. Бул майрам 2016-жылы, 2018-жылы да белгиленген.

Мындай мелдеш кийин 2018-жылы Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө да өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×