Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 30.04.2019 19:00

Кызыл-Кыя шаарында мэрдин 2018-жылдагы иштери канааттандырарлык деп табылды

Turmush -  Бүгүн, 30-апрелде Кызыл-Кыя шаарында шаардык кеңештин кезектеги сессиясы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, анда шаар мэри Эрмекбай Топчубаевдин 2018-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы каралды. Мэр депутаттардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында шаардык кеңеш мэрдин былтыркы аткарган иштерин бир добуштан канааттандырарлык деп тапты.

Сессияга шаардык кеңештин 31 депутаттын бардыгы катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×