Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 30.04.2019 17:17 На русском

Кыргызстандагы эң бай айыл өкмөттөрдүн биринде күрүч талааларга дрон менен дары чачылып жатат. Сүрөт

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө «Ак-Турпак» күрүчү 26-апрелден бери массалык түрдө дарылоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, айыл өкмөттө 3 миң гектардан ашык шалы талаасы бар. Андагы отоо чөптөргө жана ар кандай ылаңдарга каршы дары дрондун жардамы менен чачылып жатат.

«Айыл өкмөтүбүздө 3 миң гектардан ашык күрүч талаасы бар. Жылда жергиликтүүлөр өз алдынча дарыларды сээп турушат. Сапаты жакшы болчу. Акыркы 2 жылдан бери ар кандай ылаңдар пайда болуп, чөп басып, дарыканалардан алган дарылар натыйжалуу болбой калды. Мен өткөн жылы министрликке кайрылдым. Азыр сапаттуу дары чачылып жатат. Бул дары дрон жана учак менен себилет экен. Биринчи жолу колдонуп жатабыз. Эми натыйжалуулугун көрөбүз», - деди Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиев.

Баткен регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы Мунар Добутовдун айтымында, Бишкектен келген адистер күрүч талааларды 1500 сомдон акы алып дарылап жатышат.

«Бул дрон аркылуу себилгендиктен жана жол акысы менен кымбат болуп жатат. Бирок натыйжалуулугу бар. Азыр келген адистер бул жакка да атайын пункт ачып, дары себүүнүн жолдорун үйрөтүшөт», - деди ал.

Тактама:

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.

Элдеги уламыштарга караганда, айылдын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу. Айылдын аксакалы Турдали Алдаевдин айтымында, мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, шор баскан, ак топурактуу жер болгон. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан. Элет облустун борборунан 35 чакырым алыста жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×