Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуБаткен району 30.04.2019 14:18

Баткенде милициянын көчмө кабылдамалары иштеп жатат

Turmush -  Бүгүнкү күндө Баткен, Лейлек райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында милициянын көчмө кабылдамасы толук кандуу иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, көчмө кабылдама 3 ай аралыгында 49 жолу алыскы айыл-кыштактарга чыгып, жалпысынан 118 адамды кабыл алышкан. Анын ичинен 71 адам ар кандай мазмундагы арыз менен кайрылган. 25 кайрылуу коопсуздук боюнча болгон. 57 кайрылуу жеринде чечилген.

Милициянын көчмө кабылдамасы атайын түзүлгөн графиктин негизинде алыскы аймактарга барып, жарандардын ар түрдүү маанидеги арыздарын кабыл алат. Мындай көчмө кабылдама облус аймагында Кызыл-Кыя шаарында, Лейлек жана Баткен райондорундагы ички иштер бөлүмдөрүндө бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×