Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуБаткен району 30.04.2019 12:01

Баткендин Кыштут айыл аймагына жаңы мектеп салуу маселеси көтөрүлдү

Turmush -  Баткен районунун Кыштут айыл аймагында жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилигинин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, айыл тургундары 2 орто мектептин акыбалына тынчсыздануусун билдиришти. Анткени Өзгөчө кырдаалдар министрлиги убагында элдик ашар жолу менен салынган, эскилиги жеткен бул мектептер авариялык абалда экендиги жөнүндө корутунду берген. Мындан улам Газ айылындагы эски мектептин ордуна республикалык бюджеттин эсебинен 225 орундуу типтүү мектептин курулушу башталып, бирок каржылоо жоктугунан курулушу токтоп калган. Ал эми Кыштут айылындагы орто мектептин жаңы имаратын куруу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар берилген. Облус жетекчиси Акрам Мадумаров республикалык бюджетти гана карап отурбастан, каражаттын башка булактарын табуу аркылуу айылга мектеп салууга жардам берерин, маселени жеке көзөмөлүнө аларын билдирди.

Ошондой эле Кыштут айылына бала бакча куруу үчүн көйгөй болуп жаткан жер участогу боюнча маселени жеринде чечүүгө мүмкүн болду. Облус башчысы авариялык абалдагы, көп жылдар бою пайдаланылбай калган маданият үйүнүн имаратын бузуу менен анын ордуна бала бакча куруу демилгесин колдоп, элдин суранычын орундатты.

Кыштут айыл аймагы Өзбекстандын Сох районунун айылдары менен чектешет. Айыл аймактагы 6 айылда 10 миңден ашуун эл жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×