Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуБаткен району 29.04.2019 11:13 Кыргызча

Тажикстандын жарандары Баткендин Ак-Сай айылынын башчысынын унаасын таш менен уруп, зыян келтиришти. Сүрөт

Turmush -  Кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында айыл башчы Эркин Жолчуевдин «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасын тажик жарандары таш менен уруп, алдыңкы терезесин сындырып салышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Маалыматка караганда, айыл башчы унаасына мал салып алып, жайлоого кетип бара жаткан. Башка «Хендай Портер» менен бара жаткан тажик жарандары анын унаасын таш менен урушкан. Ал малын таштап келгенче окуяны уккан адамдар топтолгон. Бирок милиция кызматкерлери менен чек арачылар тажик тараптын чек арачыларын, милициясын чакырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Натыйжада айыл башчынын унаасын талкалагандыгы үчүн тажик тарап 14 миң сом акча төлөп берди.

Тажик тараптын милициясы унааны таш менен урган адамга кылмыш иш козголорун билдиришти. Учурда Ак-Сай айылында абал туруктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×