Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 29.04.2019 11:46

Кадамжайдын Кызыл-Булак айылында жер көчкү басып калган арык тазаланды

Turmush -  26-апрель күнү Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында катуу жаандан улам 1 үйдүн короосун суу каптап, жер көчтү. Бул тууралуу жергиликтүү тургандар билдирди.

Маалыматка караганда, айылга сел келип, Жамалидин Толубаевдин үйүнүн короосуна суу кирип, жер көчүп кеткен. Суу ашкан жайдан А.Орозбеков айыл аймагына суу кеткендиктен аталган айыл өкмөттөн техникалар тартылып, арматура, бетон берилген. Ал эми жергиликтүүлөр тарабынан акча чогултулуп, селдин калдыктары тазаланды.

Бул жайдан 5 жылдан бери жыл сайын сел аккандыктан жергиликтүүлөр бийлик өкүлдөрүнө бир нече жолу кайрылган. Мындан мурда сел кетип, Ж.Толубаевдин сарайын толук агызып кеткен болчу. Селдин айынан үйүн да жаңы салган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү бийлик тарабынан суу кетүүчү чоң арыктын бою толук бекемделбей келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×