Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуБаткен району 29.04.2019 10:37 На русском

Баткендин Зардалы айылында бузулган чыйыр жолду жаштар өздөрү оңдоп жатышат. Видео

Turmush -  25-26-апрель күндөрү Баткен районунун Зардалы айылынын Бөрү-Көрбөс аймагында шагыл басып калып бузулган жалгыз чыйыр жолду жергиликтүү жаштар өз күчү менен оңдоп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаштардын айтымында, жолду оңдоого керектүү арматура жана башка темирлерди, буюмдарды ар кимиси үйүнөн алып келди. Азырынча Кара-Бак айыл өкмөтүнөн эч кандай жардам боло элек. Учурда ашарда 35 адам иштеп жатат.

«Жолду оңдоп, каттам ачканга жардам берилеби, цемент керек» деп сурасак, «1 жумадан бери Кызыл-Кыядагы цемент заводдо ӨКМдин унаасы кезекте турат. Кезеги жетсе беребиз» дейт. 14 тонна цемент, 400 метр арматура келгенче жаштар жөн жата албай, кезек-кезек менен күнүгө ишке чыгып, ашар менен бир аз болсо да каттамды ачып койдук. Жөө адамдар жүрүүчү жолду убактылуу оңдошту. Бүгүн дагы жумуш уланып жатат», - деди алар.

Ал эми ӨКМдин Баткен районундагы бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуевдин айтымында, министрликтин 2019-жылга карата планынын негизинде Зардалы айылына алып баруучу жолдогу көпүрөнүн жээгин бекемдөө үчүн гана цемент каралган. Ал эми бул жолду оңдоо маселеси каралган эмес.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Зардалы айылынын тургундары 25-26-апрель күндөрү айылдын Бөрү-Көрбөс аймагындагы жолго таш кулагандыгын билдиришкен.

Алардын айтымында, Зардалы айылынын Бөрү-Көрбөс участкасына унаа бара албайт. Бул аймакта Зардалы айылына баруучу тоо боорунан кеткен чыйыр жол бар. Андан бир гана адам өтө алат.

«Жолду кулаган таш бузгандан кийин жөө жүргүнчүлөр да өтө албай калышты. Баткен районунан унаа менен Бөрү-Көрбөс участкасына чейин келип, андан ары дал ушул чыйыр жол аркылуу Зардалы айылына барышчу», - деп билдиришкен тургундар.

Жол кооптуу болгондуктан жергиликтүүлөр айылга бара албай калышкан.

«Айылдагылар малын жайып, кээ бири Баткенге жумуштары менен барып, кайра келе жатканда жол бузулуп, малдар да, адамдар да өтө албай калдык. Жолдон кокус бутуң тайып кетсе жарга кулайсың. Жергиликтүү бийлик жол каттамын ачып берсе жакшы болмок. Эл өзү да колдон келген аракетин көрүп жатат», - деген жергиликтүү тургун Акылбек Дилшатов.

Ал эми ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев жергиликтүү бийлик, эл менен биргеликте жол каттамын ачуу аракети көрүлөрүн билдирди.

Зардалы айылында жалпысынан 67 кожолук бар. Азыркы учурда 30 кожолук жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×