Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 27.04.2019 15:19 На русском

Президент катышкан форумда уктап калган чиновниктер: Өкмөттүн Баткендеги өкүлү үн катты

Turmush -  22-апрелде Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн «Санарип Кыргызстан: Региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форумунда уктап калган мамлекеттик кызматкерлердин сүрөттөрү интернетке тарап, социалдык тармактардын колдонуучуларынын сынына кабылган эле.

Уктап калган кызматкерлердин сүрөттөрүнүн арасында өкмөттүн Баткен жана Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү, Ош шаарындагы мамлекеттик мекемелерде жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлчүлүктөрүндө иштеген чиновниктердин сүрөттөрү бар. Бирок өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына бул чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

«Мен форумда уктаган эмесмин. Буга форум боюнча ММКда жарыяланган видео материалдар далил боло алат», - деди ал.

Turmush басылмасы 22-апрель күнү Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: Региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форуму өткөнүн жазган. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, бир катар акимдер, айыл өкмөт башчылары жана Кыргызстандагы телекоммуникациялык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×