Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 27.04.2019 14:31 На русском

Тамашада карышкырлар кулундарды «мүлжүп» жеп кетишти. Сүрөт

Turmush -  Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл аймагынын Тамаша айылында карышкырлар кескин көбөйүп, 10 күн ичинде 8 кулунду жеп кетти. Бул тууралуу Тамаша айылынын тургуну Бурхан Марасулов билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 26-апрель түнү Тамаша айылынын Кош-Дөбө жайлоосунан 2 кулунду карышкырлар жеп кеткен.

«Учурда карышкырлар кескин көбөйдү. Азыр алар айылга жакын жайгашкан жайлоолордон малдарга кол салууда. Буга чейин Күңгөй жайлоосуна чыккан элдин малдарына кол салышты. Эң кызыгы малды өлтүрүп, бирок жебей кеткен. Ал эми жаш кулундардын эттүү мүчөлөрүн жеген. Кулундарды жеп кеткенин өз көзүм менен көрдүм. Карышкырлардын издерине караганда алгач алар кулундарды топтоп, андан кийин тикендүү токойго кубалаган. Кулундар тикенге чалынып жыгылганда жеген.

Бул көрүнүшкө жергиликтүү бийлик кайдыгер карабай, мергенчилерди карышкырларды жок кылууга чакырышы керек. Азыр эл гана зыян тартууда. Жок дегенде жергиликтүү мергенчилер карышкырларды атып жок кылууга шарт түзүү керек», - дейт Бурхан Марасулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×