Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуКадамжай району 27.04.2019 13:35 На русском

Кадамжайда жаш балдарды карактаган 2 топ кармалды. Арасында өспүрүмдөр бар (сүрөт)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан уурулук жана талап-тоноого шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын уюштурулган операциянын алкагында Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын ыкчам тергөө кызматкерлери «ДЭУ Матис» унаасын токтотушуп, карактоого шектелген жаш жигиттердин тобун колго түшүрүшкөн. Текшерүү учурунда алардын жанынан жабырлануучулардын уурдалган мүлкү жана аларга кол салууда пайдаланышкан бейсбол таягы табылган.

Ушул жылдын апрель айынын башында А.Масалиев айыл аймагынын Кара-Дөбө участкасында (Кадамжай району) бет кап кийип, колуна таяк көтөргөн белгисиз адамдар 18 жаштагы эки жигитти себепсиз ур-токмокко алышкан. Алар 10 миң сомдук чөнтөк телефонду тартып алып, унаа менен изин жашырып кетишкен. Окуя кечинде болуп, жабырлануучулар коңшу айыл аймактын тургундары экени аныкталган. Ошондой эле болжол менен бир жума өткөндөн кийин — 13-апрелде түндө Кызыл-Кыя—Разъезд унаа жолунда белгисиз 4-5 адам Ош облусунун 2000-жылы жана 2002-жылы туулган тургундарын ур-токмокко алышып, алардын дагы 10 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алышкан жана ачык түстөгү «ДЭУ Матис» үлгүсүндөгү унаа менен издерин жашырып кетишкен. Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кадамжай РИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп баштаган.

Ыкчам иликтөө кызматкерлери аталган 2 окуяга катыштыгы бар бардык шектүүлөрдүн өздүгүн аныкташкан. Ошондой эле шектүүлөр талап-тоноо учурунда дайыма унаа менен жүрүп, беттерине бет кап кийип жүргөнү аныкталган.

Кадамжай РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматына караганда, талап-тоноого шектелип жалпысынан 10 адамдан турган эки башка топтун мүчөлөрү кармалган. Бирок аталган 2 окуяда тең бир гана ачык түстөгү «ДЭУ Матис» үлгүсүндөгү унаа пайдаланылган. Кармалгандардын арасында жашы жете электер дагы бар, ал эми «ДЭУ Матис» үлгүсүндөгү унааны Баткен облусунун 2001-жылы туулган тургуну М.Д. башкарып жүргөн.

Учурда кармалгандардын башка ушул сыяктуу кылмыштырга катыштыгын аныктоо максатында териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×