Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуБаткен району 27.04.2019 11:25

Баткен районунда согуштун ардагери Ш.Сүйүновго 15 000 сомдон ашык каражат тапшырылды

Turmush -  Баткен районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шергазы Сүйүновго акчалай сыйлык тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бүгүн, 27-апрелде Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Токой айылынын 94 жаштагы тургуну — Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шергазы Сүйүновдон кабар алышты. Ага райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттүн атынан белектер тапшырылды. Ошондой эле, ардагерлер үчүн өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражат — 15 миң 400 сом берилди.

Район аймагында учурда 4 ардагер бар, бүгүнкү күндө ден соолуктары жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×