Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуКадамжай району 27.04.2019 10:33 На русском

140 000 сомдук жез: Кадамжайда аткезчилик жүк кармалды

Turmush -  Кадамжай районунда аткезчилик жүк кармалды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 26-апрелде саат 21:50 чамасында Кадамжай чек ара заставасынын Жаңы-Жер аймагында кызмат өтөп жаткан чек ара кезметиндеги 3 аскер кызматкери тарабынан «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Автоунааны кароо учурунда шек жараткан мүшөктөр табылган.

Чек ара кызматкерлери аталган автоунааны заставага алып келишип, 16 мүшөккө кароо жүргүзгөн учурда ар биринен 25 кг, жалпы 400 кг салмактагы жез табылган. Анын жалпы суммасы 140 000 сомду түзөт.

Кармалган жаран Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Марказ айылынын 1991-жылы туулган тургуну болгон. Ага жана аткезчилик жүккө карата Кадамжай чек ара заставасынын башчысы, капитан Х.Абдужалилов тарабынан тийиштүү документтер толтурулуп, Кызыл-Кыя шаарындагы Бажы терминалынын башчысы А.Муратовго өткѳрүп берилди.

«Хундай-Портердин» айдоочусунун айтымында, мүшөктөгү жезди Жаңы-Жер айылынын четинен алып чыккан. Аны андан ары Кызыл-Кыя шаарына алып барып сатмак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×