Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуЛейлек району 26.04.2019 18:24 На русском

Баткен облусунун жетекчилиги Лейлекте Тажикстандын делегациясы менен жолукту

Turmush -  Бүгүн, 26-апрелде Баткен облусунун жетекчилиги иш сапар менен келген Тажикстандын Согди облусунун делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу Лейлек районунда өттү. Ага Баткендин жетекчиси Акрам Мадумаров баштаган жергиликтүү чиновниктер катышып, тажик тарап менен ар тараптуу кызматташуу жана чек арадагы коомдук коопсуздукту камсыздоо тууралуу сүйлөшүштү. Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода облустар аралык ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Чек аралаш облустун башчылары маданий, спорттук жана башка багыттагы иш-чараларга өзгөчө маани берүү жана эки элдин ынтымагын, бекемдөөгө багыттап чыр-чатак көп катталып жаткан айылдарда өткөрүү боюнча пикирлерди айтышты.

Ал эми чек арада катталган акыркы окуяларга объективдүү баа берүү үчүн эки тараптын күч түзүмдөрү биргелешип, тыгыз кызматташтыкта иш алып баруусу боюнча тапшырмалар коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×