Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуБаткен району 25.04.2019 15:22 На русском

Айыл турмушу: Баткендик Тажибай Гапаров 25 жылдан бери балдарга тамга таанытып келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Баткен районундагы Рават айылынын 45 жаштагы тургуну Тажибай Гапаров 25 жылдан бери башталгыч класстардын окуучуларына билим берип келе жатат. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, аккордеон, гитара, музыкалык синтезатордо ойноп ырдагандыктан мектептин маданий иш-чаралары ансыз өтпөйт.

«Мен мугалимдердин үй-бүлөсүндө чоңойдум. Атам, апам жана бир туугандарымдын баары мугалим. 25 жылдан бери башталгыч класстын окуучуларына билим берип, тарбиялап келем. Эң алгач уядан учурган окуучуларым бүгүнкү күндө чогуу иштеп жатышат. Жаш кадрлар менен иштешүү бир жагынан сыймык болсо, экинчи жагынан дагы аракет кылып, изденүүнү талап кылат. Анткени жаш кадрлар көптү билип, заман талабына жооп берген техникаларды өздөштүргөн. Окуучуларыңдын алдында артта калбоо үчүн болгон күчүң менен иштөөгө туура келет. Алар бизден дайыма бир нерселерди сурашат. Ошондуктан ар бир окуучум тарабынан берилген суроолорго так, даана жооп бергенге аракет кылам. Эгер билбей калсам, чогуу издеген учурлар болот. Ошол эле учурда окуучуларымдан мен да көптү үйрөнүп жатам. Алар билим берүүдөгү жаңы системаны мага караганда жакшы билет», - деди ал.

Каарманыбыз музыкалык аспаптарда кантип кол ойнотуп калганын айтып берди.

«Музыкалык аспаптарды алгач агаларымдан үйрөндүм. Кийин мектепти аяктаган соң окуу жайда окуп жүрүп, аккордеондон кошумча сабак алып, терең өздөштүрдүм. Гитара менен музыкалык синтезаторду өз алдымча үйрөндүм. Ошол эле учурда музыкалык аспаптар менен кошо кыргыздын ырларын ырдайм», - деди ал.

Тажибай ага мындан тышкары балдарга билим берүүдөгү тажрыйбасын айтып берди.

«Айылдагы жаш, таланты бар балдарга өз билгенимди үйрөтөм. Башталгыч класстын окуучуларын тарбиялап жатканда музыкалык аспаптардын салымы чоң. Алар оюнга жакын болушат. Балдарыма сабак өтүп жатканда ойлору башкага бурула баштаганда аккордеон чертип, балдар ырын алар менен чогуу ырдайбыз. Ошондо балдардын чарчаганы жоголуп, сабакка болгон кызыгуулары жандана түшөт.

Балдар биздин келечегибиз. Алардын тарбиясына үйдө ата-эне жооптуу болсо, мектепте мугалим жооптуу. Ошондуктан балдардын мектеп учурундагы калыптануусуна өтө маани берем. Эс алуу учурунда аларды сагынам. Эс алуу болбой эле күн сайын мектепке баргым келет. Анткени окуучулар мени шыктантат, изденүүгө түртөт. Алардан жаңы ойлорду, идеяларды алам», - деди ал.

Мугалим-музыкант үй-бүлөдө 5 баланын атасы. 2 уулу да узыкалык аспаптарда ойнойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×