Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуЛейлек району 25.04.2019 12:26 На русском

Дыйканчылык кылбайбыз: Кыргызстандын эң алыскы айылында кар жаады. Видео

Turmush -  Кечээ, 24-апрелде Лейлек районуна караштуу Көк-Таш айылында калыңдыгы 5 см жеткен кар жаады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын тургуну Абдиманап Амиракулов билдирди.

Анын айтымында, учурда кардын жааганы токтоду.

«Биздин айыл тоо этегинде болгондуктан кыш кеч кетип, жаз кеч келет. Бизде май айына чейин кар да жаай берет. Андыктан дыйканчылык кылбайбыз. Кечээ, 24-апрелде кечки саат 18:30 чамасында кар жаап баштаган. 2-3 саат жааган кар кызыл ашыкка чейин жетти», - деди ал.

Көк-Таш айылында учурда 600дөн ашуун кожолук бар. Айыл Бишкек шаарынан 1100 км алыста жайгашып, Тажикстандын бир нече айылы менен чектешет.

Көк-Таш

Кечээ, 24-апрелде Баткен облусунун Айдаркен шаарында да кар жааган. Кар катуу жаагандыктан жергиликтүү жашоочулар абанын температурасы төмөндөп кетишинен коркуп жатышат. Себеби мөмө-жемиштерди үшүк алышы мүмкүн.

Кечээ, 24-апрелде Нарын районундагы Дөбөлү айылында да кар жаады.

Айыл тургуну Асел Чаки кызынын айтымында, мал жайлоого, жайытка кете албай жатат. Жайлоодо кар кете элек.

«Нарында кыш 7 айга созулуп жатат. Башка аймактарда абанын температурасы салыштырмалуу жылуу болсо, бул жерде кышында -30 градуска чейин суук болду. Дагы эле сууктун күчү кайта элек. Тынбай жамгыр жаап жатат. Картошка эгилмек турсун, жертөлөө ачыла элек», - деди ал.

Бүгүн, 25-апрелде түндө Талас районунун Талды-Булак айылында кар жаады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кардын калыңдыгы 10-15 см жетет. Айылда эч кандай күтүүсүз нерселер болгон жок. Эл малын жайытка чыгарган жок. Мектеп өз калыбында иштеп жатат. Кар азыркы учурда бир аздан да жаап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×