Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 24.04.2019 17:01 На русском

Баткендин жетекчиси тажик жараны кармап кетип кайтарып берген 8 жаштагы баладан кабар алды

Turmush -  22-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик арасында болгон окуя боюнча Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Маалым болгондой, ал окуя жана ага байланыштуу көрүлүп жаткан аракеттердин жүрүшү тууралуу, облустун прокурорунун, облустук ички иштер башкармалыгынын жана облустук улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчилеринин, Баткен районунун акиминин маалыматын укту. А.Мадумаров элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чагымчыл аракеттерге жол берилбеши зарылдыгын жана катталган ар бир окуя боюнча эки тарап объективдүү иш алып барышы керектигин билдирди. Жыйындан соң тажик жарандары кармап кетип, кайтарып берген 8 жаштагы Шерлан Абдивалиевден кабар алып, материалдык жардам көрсөттү. Дарыгерлер Шерландын абалы жакшы экендигин билдиришти.

Учурда Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагында абал туруктуу.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 22-апрель күнү саат 20:50 чамасында Тажикстандын Ворух анклавынын тургуну «дарыянын жээгинде шагыл жүктөп жатканда экскаваторума таш ыргытты» деп баткендик 2010-жылы туулган баланы кармап, Ворух анклавына алып кирип кеткендиги кабарланган. Андан соң Тажикстандын жараны ал баланы өздөрүнүн укук коргоо органдарына өткөрүп берген. Ал эми Тажикстандын укук коргоо органдары баланы Баткен облусунун милиция кызматкерлерине кайтарып берген. Андан соң бала ата-энесине тапшырылган.

Бул боюнча Баткен районунун Ак-Сай айылынын жашоочулары чогулуп, нааразычылыктарын айтышкан. Тажик тарап баланы кармаган адамдын үстүнөн кылмыш иш козголуп, убактылуу камакка алынгандыгын билдиришкен.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы тактаган маалыматка караганда, аталган бала Ходжаев атындагы мектепте 2-класста окуйт. Аны Баткен облустук ооруканасына саат 01:30 чамасында алып келишкен. Дарыгерлер ага катуу стресс болгон деп диагноз коюшкан.

8-летний кыргызстанец, которого забрали на территорию анклава Ворух

Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев баланы кармап кеткен жаранды Тажикстандын милициясы кармагандыгын билдирген.

«Азыр аймакта абал туруктуу. Эки тараптын милиция кызматкерлеринин биргелешкен патрулдук тобу аймакта абалды көзөмөлдөп турат. Бизде дагы тергөө амалдары жүрүп жатат. Аларда дагы ошол баланы кармап кеткен жаран кармалып, тергөө жүрүп жатат. Окуя боюнча эки тараптуу биргелешкен тергөө тобу ишти алып барат», - деген Аширалиев.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя саат 20:50 чамасында болгон. Тажикстандын белгисиз жараны кыргызстандык 8 жаштагы К. уулу Ш.ны Ворух анклавынын аймагына мыйзамсыз алып кирип кеткен. Аны алып барып укук коргоо органдарына тапшырган. Баланы кармап кеткен адам чек ара сызыгына жакын жердеги Каравшин суусунда ирригациялык системаны тазалап иштеп жаткан. 30 мүнөттөн кийин тажик тарап баланы кыргыз тарапка кайтарып берген.

Тажикстандын чек арачылары баланы кармап келген киши аталган бала мурда анын экскаваторунун айнегин сындырып салгандыгын айткандыгын билдиришкен. Тажик тараптын мындай аракетине нааразы болгон кыргызстандык 50-60 адам Ак-Сай айылынын борборуна топтолушкан. Окуяны көзөмөлгө алуу үчүн кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушкан.

Азыркы учурда Исфара—Ворух жолунда унаа каттам ачылды. Жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын чек ара тилкелеринде эки өлкөнүн милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×