Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуКадамжай району 24.04.2019 10:31

Кадамжайда айылдаш аксакалдын букасын уурдап кетип сатып жаткан адамдар кармалды. Сүрөт

Turmush -  Кадамжай районунда мал уурулук кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-апрель күнү Кадамжай районунун Эшме айылынын 73 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Ал үйүнөн 30 миң сомдук букасын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткендигин билдирген. Милиция кызматкерлеринин иликтөө иштеринин жыйынтыгында Халмион айыл аймагындагы мал базардан жоголгон буканы сатып жаткан жеринен Эшме айылынын 2 тургуну кармалды. Уурдалган бука өз ээсине кайтарылып, бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×