Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусу, Баткен 23.04.2019 13:01

Баткенде пара алууга шектелип токой чарбанын жетекчиси кармалды

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  17-апрелде УКМК кызматкерлери тарабынан 32 миң сом акча талап кылууга шектелип Баткен токой чарбасынын жетекчиси К.А. кармалды.

Түзүмдүн маалыматына караганда, аталган жетекчи өзүнүн кол алдындагы кызматкерлерден ишканага аудит жүргүзгөн адамдарга берүү үчүн акча топтоону талап кылган. Аталган факты боюнча пара талап кылуу беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө К.А. тарабынан Баткен токой чарбасынын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар болгондугу такталды. Анын ичинде 2017-2018-жылдардагы мамлекеттик сатып алуу мезгилиндеги документтер жасалма болгондугу, 14 миң 700 түп көчөт мыйзамсыз сатылгандыгы, жайыттардын ижарасынан түшкөн акчалар менчиктештирилгендиги аныкталды. Учурда кармалган адам үй камагына алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×