Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 21.04.2019 14:11

Министр А.Жаманкулов көк бөрүнү Түрк дүйнөсүнүн атынан ЮНЕСКОго киргүзүүнү сунуштады

Turmush -  Бүгүн, 21-апрель күнү Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын жана комитеттеринин 7-жыйыны болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын башкы катчылары, президенттин кеңешчиси Султан Раев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов катышты.

Жыйында бир катар маселелер айтылып, расмий делегациянын өкүлдөрү Ош шаары аларды жылуу тосуп алгандыгын белгилешти. Ошондой эле, коноктор бул эл аралык маданий иш-чаранын алкагында каада-салттарды үйрөнүп, калктын маданиятына күбө болушканын белгилешти.

Жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов улуттук оюндарды анын ичинде көк бөрүнү жана улуттук тамак-аштарды ЮНЕСКОго Түрк дүйнөсүнүн атынан киргизүүнү сунуштады.

«Түрк элдеринин оюндары, каада-салты, тамак-ашы окшош да. Ошолордун бардыгын ар бир мамлекет өзүнө тарта бербей, чогу Түрк дүйнөсүнүн атынан ЮНЕСКОго киргизсек менимче туура болот», - деди министр.

Ошондой эле, Жаманкулов ЮНЕСКОго материалдык эмес, маданий мурастардын тизмесине киргизилген бир катар тарыхый мурастар боюнча сөз болгондугун, Сулайман-Тоонун буфердик зонасына бир-эки көп кабатуу үйлөр салына баштап, бирок токтотулгандыгын, мындан ары ЮНЕСКОнун комиссиясы келип текшерип, канча кабат үй курса болорун аныктарын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×