Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 17.04.2019 14:55

Кызыл-Кыянын айрым тургундары эс алуучу жайлардын талашка түшкөндүгү боюнча нааразычылык акцияга чыгышты

Turmush -  Кечээ, 16-апрель күнү Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев, Ленин көчөлөрүнүн тургундары шаардагы эс алуу жайлары жеке менчикке сатылып кеткендигин айтып акцияга чыгышты. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Роза Маманова билдирди.

Анын айтымында, алар шаардын так ортосунда эс алуу багы жок экендигин айтышууда. Мындан мурда шаардын Асаналиев борбордук көчөсүндө жайгашкан «Победа» эс алуу багынын жери сатылып кеткендиги айтылууда.

Кызыл-Кыя шаары илгертеден бери эле көмүр казылган жер болуп, элдин ден соолугуна көп зыян келгендиктен абаны тазалоо үчүн бактарды көбөйтүү керек экендиги айтылып келет. Шаарда бак-дарактар аз болгонуна карабастан жылына дарактар кыйылууда. Шаардык мэрия жылына көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп, арча көчөттөрүн тигет. Бирок көчөттөр өз убагында каралбай, куурап калууда, дешет нааразы болгондор.

Асаналиев көчөсүндөгү №16 көп кабаттуу үйдүн тургундары өздөрү бакка айланткан жерди мэрия талашып жаткандыгын айтышты. Шаардын четинде бир гана «Сейил» эс алуу багы бар.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмек Топчубаевдин айтымында, бул маселеге жергиликтүүлөрдүн түшүнбөстүгү себеп болгондугун билдирди.

«Аталган көчөлөрдүн жашоочулары менен жакында эле сүйлөшкөн элем. Аларга жер тилкелери боюнча түшүндүрүп, архитектураны текшерсин дегенбиз. Мэрия эч качан элден жерди талашпайт. Бардык нерсе мыйзам чегинде гана каралышы керек. Жергиликтүүлөр кечээ, 15-апрель күнү өз билемдик менен плакаттарды көтөрүп, нааразылык кылышыптыр. Алар нааразычылык акцияга чыкканга чейин бизге кат жүзүндө кайрылышы керек болчу», - деди Топчубаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×