Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуБаткен району 14.04.2019 08:08

Баткенде чек арада жашаган жаштар арасында футбол боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 13-апрелде Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарындагы жаштар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, Ак-Татыр айылында өткөн оюнга 12 команда катышты. Мелдеш милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштуулукту, чек ара аймагындагы чыр-чатактардын алдын алуу жана жаштар арасындагы достукту бекемдөө максатында уюштурулду.

Жыйынтык:

- 1-орун — Ак-Татыр айылынын жаштары;

- 2-орун — Ак-Сай айылынын жаштары;

- 3-орун — Паскы-Арык айылынын жаштары.

Жеңишке жетишкен командаларга сыйлуу белектер, акчалай сыйлыктар жана кубок тапшырылды. Оюндун соңунда командаларга ысык тамак берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×