Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Баткен облусу, Баткен 12.04.2019 11:53

Баткен шаарында ата-энесинен ажыраган 32 балага акчалай жардам берилди

Turmush -  Кечээ, 11-апрелде Баткен шаарында ата-энесинен ажыраган 32 балага акчалай жардам берилди.

Маалым болгондой, иш-чарага Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Чынара Осмонова баш болгон чиновниктер, жергиликтүү тургундар катышты. Анда жеке демөөрчүлөр тарабынан 32 балага акчалай жардам берилди.

«Баткенде элдин демилгеси менен соопчулук иштер жүргүзүлүп келүүдө. Бул демилгеде биз кандайдыр бир кыйынчылыктан ата-энесинен эрте ажыраган жаш балдарга колдоо көрсөтүү жана өкүл ата, өкүл эне болуу жагын да колго алганбыз. Бул демилге абдан жакшы жыйынтык берип жатат. Мындан ары соопчулук үчүн балдардын жаркын келечеги үчүн бул жөрөлгө улана бермекчи. Менин жолдошум экөөбүздүн 7 балабыз бар. Андан сырткары ушул демилгенин алкагында 2 кызга өкүл ата, өкүл эне болуп олтурабыз. Бул демилгени бир гана Баткен шаарында гана эмес, Кыргызстанга да жайылтуу керек», - деди Чынара Осмонова.

Иш-чарада дагы 2 бала өкүл ата, өкүл энелүү болушту. Аларга өкүл ата-эне болгондор аларды материалдык, моралдык жактан колдоого алып, тарбия берүүгө жардам берип, керектүү нерселерин камсыздап турушат.

Буга чейин 10-мартта Баткен шаарында ата-энесинен ажыраган 23 бала өкүл ата, өкүл энелүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×