Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусу, Баткен 12.04.2019 09:40

ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен Баткендин жетекчилиги социалдык көйгөйлөрдү жеңилдетүү маселелерин талкуулады

Turmush -  Кечээ, 11-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жолугушууга ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо, уюмдун Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча башчысы Эрадж Каниевдер баш болгон өкүлдөрү катышты. Анын алкагында балдар үчүн стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Мектепке чейинки балдарды бала бакчага тартуу, балдардын жана энелердин өлүмүн кыскартуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды ар тараптуу калыптандыруу, чек аралаш аймактагы жаш жеткинчектердин ынтымагын бекемдөө жаатында тыгыз иш алып баруу жагы макулдашылды.

А.Мадумаров ЮНИСЕФтин колдоосу менен облуста мектепке чейинки курактагы балдардан 41% бала бакчага тартылганын, балдардын жана энелердин өлүмү кыскарганын айтып, ыраазычылыгын билдирди. ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2008-жылдан бери 30дан ашуун жамааттык бала бакчалар ачылса, Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда балдардын калыптандыруу борборлору жана жаштар борборлору ачылган. Мындан сырткары облустун билим берүү мекемелерине окуу китептери, саламаттыкты сактоо тармагына заманбап медициналык жабдуулар берилген.

Жыйын соңунда Юкиэ Мокуо ыйгарым укуктуу өкүлдү жаңы кызмат орду менен куттуктап белегин тапшырды. Ошол эле учурда Акрам Мадумаров Юкие Мокуого «Кыргыздар» китебин белекке берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×