Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Баткен облусу, Баткен 11.04.2019 18:37

Баткенде экономикалык жыйынтыктар такталып, аткарылуучу тапшырмалар коюлду

Turmush -  Бүгүн, 11-апрелде Баткенде 2019-жылдын 1-кварталын жыйынтыктаган облустук коллегия өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жыйында маалым болгондой, өнөр жай 118,7%, айыл чарбасы 100,9%, рыноктук тейлөөлөр 102,4%, чекене соода жүгүртүүдө 103,3 %, кызмат көрсөтүүдө 102,8%, капиталдык салымдар 79,7% болуп аткарылды. Салык топтоодо план 100,4% аткарылып, акча 0,9 млн сомго көп топтолду. Жергиликтүү бюджеттин планы 100,1% аткарылып, пландан 3,5 млн сомго, өткөн жылга салыштырмалуу 12,2 млн сомго көп салык топтолду.

Облустун жетекчиси Акрам Мадумаров район-шаарлардын башчыларына, мекеме-ишканалардын жетекчилерине экинчи кварталда облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө багытталган бир катар тапшырмаларды аткарууну тапшырды.

Алар:

- Баткен облусунун катаал шартын эске алып, банктардагы насыялардын пайызы жана күрөөсү жөнүндө өзгөчөлөнгөн программа түзүү менен аны ишке ашыруу аракеттерин көрүү;

- Баткен облусуна курулуштардын долбоорлорун даярдоочу институт ачуу;

- Жаратылыш газын иштетүүнүн аракетин көрүп, элге пайдаланууга берүү;

- Мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;

- Өзгөчө кооптуу аймактарды белгилеп, бактарды отургузуу;

- Айыл чарба продукцияларынын дүйнөлүк рынок талап кылган сортторуна өтүү менен сапатына көңүл буруу;

- Өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатууну колго алуу;

- Суу ресурсун туура, эффективдүү пайдалануу;

- Айгүл-Тоонун айланасында эс алуучулар үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;

- Базар бааларын көзөмөлдөө;

- Чек ара аймактарындагы жашоочулардын турак жайларын документтештирүүгө көмөк көрсөтүүнү уюштуруу;

- Жерлердин категориясын өзгөртүү, трансформациялоо боюнча сунуштарды даярдоо;

- Медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу;

- Жогорку окуу жайлардагы билим сапатын жогорулатуу;

- Маданият тармагына өзгөчө көңүл буруу;

- Элге сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү менен берилген тапшырмаларды туура, так аткаруу, жер жерлерде элдин биримдигин, ынтымагын чыңдоо боюнча тиешелүү жетекчилерге, белгиленген тартипте иш алып баруу боюнча тапшырмалар коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×