Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусу, Баткен 11.04.2019 16:39

Айыл турмушу: Баткендик чебер Г.Темирова токуган кийимдер Россияга чейин сатылат (сүрөт)

Turmush -  Баткен шаарынын 38 жаштагы тургуну Гүлбарчын Темирова 5 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, түрдүү кийимдерди токуп жатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Анын айтымында, чеберчиликти апасынан үйрөнгөн.

«Мектепте окуп жаткан учурумда апам жүз аарчыларды токучу. Апамдын токуп жатканын көрүп кызыгып, үйүрөнө баштадым. Токуунун ар кандай жолдорун өзүмдүн кызыгуум аркылуу өздөштүрдүм. Алгач чайнектин астына койгучтарды токучумун. Кийинчерээк мектепти бүтүп, жогорку окуу жайдан билим алып, мамлекеттик кызматта иштей баштадым. Иштеп жүргөн учурда инилерим «тумак токуп бериңиз» деп суранып калды. Мен аракет кылып токуп, ошондон баштап кызыга баштадым. 2014-жылы жумуштан биротоло чыгып, үйдө өз алдымча токуучулук менен алектене баштадым. Азыр Бишкек, Ош, Баткен облусунун бүт аймактарынан, Россиядан да буйрутма бергендер бар.

Бүгүнкү күндө техника жетишкендиктен кардарларым интернет аркылуу эле буюртма беришет. Мен белгилүү мөөнөттө бүтүрүп берем. Даяр болгон товарымды 200 сомдон 4 миң сомго чейин сатам. Керектүү жиптердин түрүн Бишкектен алдырам. Бардык кийимдерди таза жиптен токуганга аракет кылам», - деди чебер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×