Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Баткен облусуБаткен району 11.04.2019 11:01

Жаракаттары сасып кеткен жоокерлер, адамдарды тебелеген танк: Баткендик 98 жаштагы Мамат ата согуштагы күндөрүн азыр да унута элек. Сүрөт

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согуштун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылындагы жалгыз ардагери Ысманов Мамат ата азыр 98 жашта. Аймактык кабарчы ардагерден кабар алып кайтты.

Согушка бир тууганым экөөбүз кеттик

Мен 1921-жылы азыркы Рават айылында туулгам. 4 бир туугандын ортончусумун. Агам, эжем жана иним бар. Мектепте 3-класска чейин окудум. Андан кийин эч жерде окубадым. Согуш учурунда менден чоң агама да согушка чакыруу келип, ал дагы майданга кетти. Тагдырдын буйругу менен биздин жаш курагыбыз согуш мезгилине туш болду. Мага 1942-жылы согушка чакыруу каты келген. Ата-энебиз кудайга аманат кылып, узатып кала берчү.

Согушта аткычтар полкунда болдум

Алгач Алматада даярдоо тайпасында 2-3 ай даярдыктан өттүм да, жөө аскерлер двизиясына бөлүндүм. Кийин №333 аткычтар тобунда аткыч болуп жүрдүм. Согушта командирибиздин алга деген сөзүн укканда окту мөндүрдөй жаадырчубуз. Кыш айлары болчу, күн суук. Токойдун ичине от жагып жылынабыз. Отубуз дагы жакшы күйбөйт. Кантсе да кыш өз доорун сүрүп турган кез. Немистер да тынбай аткылап турат. Ошол мезгилде чуваш улутундагы жолдошум экөөбүз чогуу бир бөлмөдө турчубуз. Экөөбүзгө бир кичинекей кутуча бөлүнгөн. Ага документтерибизди, анча-мынча акчаларызды салып койчубуз.

Бир күнү ал жолдошум менден акча сурады. Менде аз гана акча бар эле, өзүмө керек деп бербедим. Бизге кино келип, киного түшүп кетсек, менин акчаларым, конверттерим, документтерим жок. Командирге айттым. Командир буйрук берип, баарын текшерген. Кийин жанагы буюмдарыбызды тапканбыз. Кийин немистер менен кармашта жарадар болдум. Ошол-ошол болду, чуваш жолдошум менен кийин көрүшпөдүк.

Душмандын танкасы биз жаткан окопту бастырып...

Командирибиз бир күнү бизге «окопту чуңкур кылып казгыла» деп буйрук берген болчу. Биз окопту казып жаттык. Душмандар биз жаткан бөлүмгө кол салып калды. Окопто жатсак душмандын танкы бизди көздөй келе жатат. Келип, биз жаткан жерди бастыра баштады. Ошол мезгилде оң колум жарадар болуп калды. Ал танкты 2 граната менен талкаладык. Улам-улам атып жатып, акырында ичиндегилерди да биротоло жок кылдык. Биз талкалаган танктын ичинде душмандын консервасы бар экен. Биздин курсагыбыз ач болгону менен эмнегедир ал консерваны алып жегенди каалабадык. Ошол салгылашуу учурунда менин мылтыгым иштебей калды. Бир убакта жерде жаткан мылтыкты алдым да ошону менен тарсылдата аткылап жаттым.

Бир күнү окопто жаткан кезде душмандын дагы бир танкы бизди көздөй келе жатканын көрүп калдык. Аны ийгиликтүү жардырып жибердик. Бирок өзүм ошондо дагы жаракат алдым.

Жарадар болгондордун эти курттап, сасып кетиптир

Мени дарылоо бөлүмүнө алып барышты. Ал жердеги ызы-чууну айтпа. Кулакка ар кандай кыйкырыктар тим эле жарып жиберчүдөй болуп угулат. Бирин кыйкыртып дарылап жатышса, биринин ок тийген жерлери ушунчалык жыттанып, курттап, жытына адам чыдагыс болуп кетиптир. Мен өз жаракатымды дарылап жатсам жанымдагылар «Ысманов сам доктор» дешкен. Ошол сөз азыркы мезгилге чейин эсимде. Ошол жерде 5-6 күн жаттым, же машина жок. Акыркы поездге буудайдын саманын салып 13 вагон менен Свердловск шаарындагы Избит деген жерге алып барышты. Ошол жерде дарыландым.

Жеңил жаракат алгандарды бөлүп алып, дагы согушка салышты

Кийин Курсксийге киргенбиз. Ал жерде жеңил жаракат алгандарды өзүнчө бөлүп алып, май айында кайрадан фронтко салды. Бул жолу даярдыктар Казань шаарында болуп, ал жерде бир бөлүм түзүлдү. Ошол жерде сол бутумдан оор жарадар болдум. Ал күн 1943- жылдын 2-сентябры болчу.

Үйгө кайтып келгенде эжем тосуп алган

Андан кийин жаракатымдан улам мекениме кайтып келдим. Мекениме келсем, үйдө жалгыз эжем бар экен. Эжем мени көрө коюп, казанда бышырып жаткан тамагын таштап, үйдөн бир чыны суу алып чыкты. Аны башымдан айландырып, алыс төгүп тосуп алган.

Согуштан кийин күнү-түнү иштедик

Келгенден кийин аялдар ооруп-жыйнап, тазалаган эгиндерди 5-6 эшек менен Исфарага алып барып тапшырып иштеп жүрдүм. Айылда калган 7 жаштагы баладан 70 жаштагы карыларга чейин барыбыз фронт үчүн деп күнү-түнү иштедик. Эл бар тапканын фронтко жөнөтүп турса, жоокерлер согуш майданында «артка бир кадам жол жок» деп согуштук. Согуш деген апаатты көргөн адамдын жүрөгүндө ошол так өмүр бою калат экен. 1976-жылдан бери ардактуу эс алуудамын.

Мамат ата 1 уул, 3 кыздын, 24 неберенин, 57 чөбөрөнүн, 3 кыбыранын атасы. Согуштагы эрдиктери үчүн бир нече орден, медалдар менен сыйланган.

2018-жылы 9-май майрамына карата Мамат атага «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү унаа берилген. Ал үчүн Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан 140 миң сом бөлүнүп, үстүнө уулдары акча кошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×