Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусу, Баткен 11.04.2019 10:19

Жаш талант: Баткендик 16 жаштагы Амангелди сүрөт тартып, ыр жазып, гитарада кол ойнотот (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын 16 жаштагы тургуну Акжол уулу Амангелди сүрөт тартуу менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, сүрөт тартуудан тышкары ыр жазып, гитара да чертет.

«Сүрөт тартуу жөндөмүм атамдан өткөн. Атам Увалиев Акжол сүрөттү жакшы тартат. Атамдын таланты иним экөөбүздө бар. Айыл аралап, тоо-таштарды, бак-дарактарды карап бара жатып, тартылуучу сүрөттүн элестери жаралат. Үйгө келгенде дароо кагазга чиймелеп тартам. Жан дүйнөмө жаратылыштын кооздугун тартуу жакын», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жазган ырлары менен бөлүштү.

Алыкул жана Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн толкуп турат келбети,

Ушул көлдүн айтып бүткүс бермети.

Алыкулдай жээгинде басып жүрсөм,

Колум созсом аккууларга жетпеди.

- - -

Суулар да толкундарга урулат,

Ыр сөздөрү өзүнчө эле куралат.

Алыкулду, Ысык-Көлдү эстесем,

Көздөрүмдөн жаш чуурулуп агылат.

Келчи мага махабат

Кудай деймин жаратканга жалбарып,

Тагдыр деймин тартуусуна таарынып.

Жамгыр сымал түшкүм келет чачырап,

Обон дейин мукам үндү сагынып.

- - -

Жаш баладай күлгүм келет кубанып,

Жолдор сымал кетким келет уланып.

Мен ааламды баскым келет сейилдеп,

Сүйгүм келет махабаттан уялып.

«Достор менен отурган учурда гитара чертем. Гитара чертүүнү өзүм эле өздөштүрүп алдым. Жан дүйнөмө жакын ырлардын обондорун гитарада чертип эс алам», - деди ал.

Амангелди Баткен облустук көркөм-сүрөт мектеп интернатында окуп жатат. Келечекте архитектор болгусу келет. Үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×