Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусуЛейлек району 10.04.2019 16:12 На русском

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Ал сотко кайрылат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиев ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалыматка караганда, Саатбек Эгембердиев кызматынан 2-апрель күнү кеткен. Аны кызматтан алуу боюнча Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовго сунуш түшүп, анын негизинде жергиликтүү кеңештин депутаттары сессия өткөрүшкөн. Сессияга айылдык кеңештин 21 депутаты катышып, алардын ичинен 11 эл өкүлү С.Эгембердиевдин кызматынан кетишин колдогон.

Маалыматты Саатбек Эгембердиев өзү дагы тастыктады. Ал Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун сунушу жүйөсүз экенин жана мыйзамсыз иштен алынганын билдирип, сотко кайрыларын айтты.

Учурда айыл өкмөт башчысынын милдетин анын орун басары Акжол Абдуллаев аткарууда.

Саатбек Эгембердиев 2013-жылы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×