Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуБаткен району 09.04.2019 16:10

Баткенде айгүл гүлү гүлдөй баштады. Сүрөт

Turmush -  Баткен районундагы Кара-Булак айылынын 70 жаштагы тургуну Касиет Сейтмуратова 15 жылдан бери айгүл гүлдөрүн өстүрүп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда короосунда айгүлдөр гүл ача баштады. Үйүндө айгүлдөн башка гүлдөрдүн 30га жакын түрү бар.

«Мен кайсы жерге барбайын короодо өстүргөн гүлдөрдү карайм. Менин үйүмдө жок болсо сурап алам. Эгер бербесе уурдап да кетем (тамашалап). Ар бир өстүргөн гүлдөрдүм ачылганын карап эс алып, жашарам», - деди ал.

Касиет апа 11 бала өстүргөн «Баатыр эне».


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×