Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусуБаткен району 09.04.2019 13:49

Видео: Баткенде жаандан кийин белгисиз кара курттар пайда болду, - жашоочу

Turmush -  Баткен районуна караштуу Сай айылынын тургундары жаандан кийин пайда болгон кара курттарды дарылап өлтүрүшүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдирди.

3-4-6-апрель күндөрү тынбай жааган жаандан улам Сай айылында белгисиз майда кара курттар пайда болгон.

«Бул курттарды мурда көргөн эмеспиз. Андыктан курттар жаан менен кошо жааганы же жаандан кийин пайда болгону белгисиз. Курттар топ-топ болуп жүрүшөт экен. Айылдын көп жеринде пайда болду. Бул курттар жаандан кийин пайда болгондуктан, "сууда жашаган курттар" деп ойлоп жатабыз. Алар жолдогу көлчүктөргө толуп, айрым үйлөргө, сарайларга кирип жатышат. Бул боюнча атайын адистерге кайрылдык. Алар кадимки эле майда курттун башка түрү экендигин айтышты. Учурда курттарды дары менен жок кылып жатабыз. Бирок толук тазалана элек», - деди жергиликтүү тургундар.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×