Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусуБаткен району 09.04.2019 13:40 На русском

Быйыл Баткенде 67 жай кооптуу деп табылды (сүрөт)

Turmush -  Бул жылы Баткен облусундагы 67 объект кооптуу деп табылды. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Пазылов билдирди.

Анын айтымында, облустун эң эле кооптуу делген 30 аймагында май айларына чейин алдын алуу жумуштары жүрүп жатат. Калган объектилерде алдын алуу жумуштары күз айларында толугу менен аяктайт.

«Жалпысынан 2019-жылга 67 кооптуу участкаларда алдын алуу чаралары каралган. Ал үчүн ӨКМ тарабынан 10,5 млн сом бөлүнгөн. Облуста 67 объектинин ичинен биринчи кезектеги приоритеттүү деп 30 объектини тандап алганбыз. Март, апрель, май айларына планга киргизип, азыр иш алып барып жатабыз. Калган объектилерди кеч күзгө чейин толук бүтүрөбүз. Аны менен катар эле авариялык калыбына келтирүү жумуштарынын негизинде облус боюнча 4 курулуш жүрүп жатат. Анын ичинде Орозбеков айыл аймагындагы Охна сел сайында 130 метр коргоочу тосмону калыбына келтирүү үчүн 4 млн 900 миң сомдук иштер аткарылууда. Жогорудагы жумуштар толугу менен аягына чыкса облуста 2 миңге жакын үй, 60 миң чакырымдан ашуун ички жолдор, 8 мектеп жана 1 көпүрө жаратылыш кырсыктарынан корголот. Аны менен катар 55 гектар жер аянты, 2 ФАП, ички арыктарга да зыяны тийбейт», - деди Пазылов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×