Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 09.04.2019 11:02

Кызыл-Кыяга Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү иш сапар менен келди. Сүрөт

Turmush -  Кечээ, 8-апрелде Кызыл-Кыя шаарына Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр баштаган делегация келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, келген конокторду Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев тосуп алды. Жолугушуу учурунда Кызыл-Кыя шаарында суу системасын толук оңдоо планы талкууланды. Европа өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Кызыл-Кыя шаарынын жетекчилери, шаардын активи, депутаттары менен жолугушуп, долбоор алкагында аткарылган иштер, алдыдагы пландар менен да таанышкан. Жолугушуу долбоордун алкагында сатып алынган техникаларды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды.

Долбоордун каражаты 6 млн еврону түзөт. Долбоор Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык суу чарбасына транспорт каражаттарын сатып алуу, тейлөө, саркынды сууну тазалоочу станцияны жаңыртууга, суу тармагын толук оңдоого багытталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×