Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусуЛейлек району 09.04.2019 10:12

Лейлектин Ак-Суу айылында селдин кесепеттерин тазалоо иштери жүрүп жатат

Turmush -  5-апрелде Лейлек районунун Ак-Суу айылында жүргөн селдин кесепеттерин тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал күнү Ак-Суу айылынан Жеңиш айылына баруучу унаа жолдун 3000 метр аралыгын ылай суу каптап, 2600 метр ички чарбалык арыгын толтурган. Үйлөргө зыян келтирилген эмес. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга айыл өкмөттөн 1 жүктөгүч, №13 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылган.

8-апрель күнү тартылган техниканын жардамында ички чарбалык арыктын 2250 метр аралыгы тазаланган. Тазалоо иштери 9-апрель күнү да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×