Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусуБаткен району 08.04.2019 17:11

Баткендеги ишембилик уюштурулуп, тазалоо иштери жүргүзүлдү

Turmush -  Баткен облусунун аймагында жалпы 20 метр канал, 140 метр ички арык, 0.5 га короо тазаланып, 1,8 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бужум айылынын Айгүль-Таш жолунун 4000 метр жээги тазаланды. 20 метр бардюр жана 40 даана бак дарактар сырдалды. Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан №30630 аскер бөлүктөн 25 жоокер жана ӨКМдин Баткен шаарында жайгашкан отрядынан 19 жоокер Бужум айылына келүүчү сугат каналды тазалоо иштерине тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×