Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусуКадамжай району 08.04.2019 15:50 Жаңыланды: 08.04.2019 18:40

Окуучулары бычакташкан айылдар: Баткендин Сур айылында өзүнчө мектеп куруу талабы айтылды (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүндө окуучулардын мушташын токтотуу үчүн Сур айылына мектеп салуу керек. Бул тууралуу жергиликтүү ата-энелер билдиришти.

Маалыматка караганда, Сур айылында мектеп жок болгондуктан окуучулар коңшу Ормош айылындагы А.Шамурзаев атындагы мектепке барып окушат. Эки айылдын окуучулары ортосунда келишпестик орун алып, байма-бай мушташ болуп турат.

«Неберелерим Ормош айылындагы мектепке каттап окушат. Алар ар күнү ыйлап барышат. Мектепте, жолдо кошуна айылдын балдары тосуп, «өзүңөр жакта окугула, бизге келбегиле» дешет экен. Ар кандай кысымчылыктан улам неберелерим мектепке баруудан да коркуп, качып калышкан. Эки айылдын окуучулары да уруша беришет. Мушташ эч үзүлбөйт. Муну токтотуу үчун Сур айылына да мектеп салыш керек. Бийликтегилер маселени чечип бергиле», - деди Сур айылынын тургуну Касиет Дубанаева.

Сур айылынанан Ормоштогу мектепке 302 бала каттап билим алышат.

«Окуучулардын мушташы эч токтободу. Акыркы жолу 21-март күнү эки айылдын окуучу балдары мушташып, бычакташканга чейин барышкан. Натыйжада 3 окуучу жабыр тартып, бирөөсү ооруканага жатып чыкты. Балдарды окууга жөнөтүүдөн да кооптонуп калдык. Маселени азыртан карап, чечпесе өлүмгө чейин барышат балдар. Эң негизги талабыбыз мектеп салып беришсе», - деди Сурдун дагы бир тургуну Мансур Жороев.

Мектептеги мушташты токтотууга мугалимдердин, милициянын да күчү жетпей келе жатат.

«Ай сайын мектепте рейддерди өткөрүүдөбүз. Түшүндүрүү иштерин алып баруудабыз. Рейд күндүзү эле эмес, түнкүсүн да жүргүзүлүп жатат. Бирок айылдагы окуучулар арасындагы уруш жаңжалдар токтобой келет. Азыр 21-марттагы окуя боюнча тергөө иштери уланууда», - деди Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Арсланбек Мадеминов.

Кадамжай районунун акиминин орун басары Мээрикан Асанова бул маселеге кайдыгер эмес экендиктерин айтты.

«Биз да көңүлкош мамиледе болбодук. Эки айылдын элин чогултуп тиешелүү кызматтар менен биргеликте жыйын өткөрдүк. Элдин талабын да уктук. Ата-энелер мектеп салууну талап кылып жатышат», - деди Асанова.

Ормош айылындагы мектепте ормоштук 322, Сур айылынан келген 302 бала билим алып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×