Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуЛейлек району 08.04.2019 10:09

Лейлекте сел жүрүп, ички чарбалык жолдор жабыркады. Видео

Turmush -  5-апрель күнү эртең менен саат 07:00 - 08:00 чамасында Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында нөшөрлөгөн жаан жаап, сел жүрдү.

Маалым болгондой, селдин кесепетинен Жеңиш—Ак-Суу унаа жолунун 3 км аралыктагы бөлүгү ылай, кум менен жабылып, каттам токтоп калган. Андан тышкары Жеңиш—Алга айылдарына баруучу 800 метр чоң арыкка да кум толуп калган. Кызыл-Бараз учаскасында 1 гектар жерди ылай каптап, Жизген айылынан Салохиддин Паттаев, Кобилдин Паттаев, Махкам Махкамовдун үйлөрүнөн шиферлер жарактан чыккан. Жалпы чыгым 240 миң сомго жетти.

Ак-Суу айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалды калыбына келтирүү үчүн 1 даана жүктөгүч тартылып, каттам ачылган. Бүгүнкү күнгө 1,8 км жол калыбына келтирилди. Ошондой эле Исфана—Ак-Суу жолунун 37 км аралыктын ортосунда тоо этектериндеги жылгадан сел суулары ылай болуп түшкөн. Ак-Суу—Жар-Кыштак—Чоунчу айылдарынын ортосундагы 3 км жолдо онго жакын жылгадан да сел түштү. Селдин кесепеттери жоюлуп, үйлөр габион торчолору менен тосулду. 800 метр ички сугат каналдары ылайга толгон. Ылай катып кургаганда жумуш уланат. Ошондой эле Самат айылында бир үйгө зыян келтирген.

Жалпы район боюнча келтирилген чыгым;

Өзгөрүш айылында — 260 миң сом;

Ак-Суу айыл өкмөтү — 1 млн 140 миң сом;

Исфана — 47340 миң сом.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында 5-апрелде саат 21:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Суу сайынан сел жүрүп, анын кесепетинен Ак-Суу айылынан Жеңиш айылына баруучу ички чарбалык унаа жолдун 3000 метр аралыгын ылай суулар каптап, 2600 метр ички чарбалык арыгын толтурган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

7-апрель күнү тартылган техниканын жардамында 3000 метр ички чарбалык унаа жолу толук тазаланган. Ал эми ички чарбалык арыктын 2000 метр аралыгы тазаланган. Тазалоо иштери 8-апрель күнү улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×