Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусу, Сүлүктү 08.04.2019 09:22

Сүлүктү шаарында чуркоо жана стол үстүндөгү теннис боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  6-апрель — Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата Сүлүктү шаарында чуркоо жана стол үстүндөгү теннис боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш мекеме-ишканаларда иштеген айымдар жана мырзалар арасында өттү. Мелдештер үчүн 10 миң сом акча каралган.

Мырзалар арасындагы жыйынтык:

- 1-орун — Улан Акимов;

- 2-орун — Галжигит Рустамов;

- 3-орун — Нурсултан Кутуев;

- 4-орун — Бахтяр Кулдашев.

Кыз-келиндер арасында:

- 1-орун — Алиса Ханданова;

- 2-орун — Эркинай Матисакова;

- 3-орун — Назгүл Ахматова;

- 4-орун — Рахиля Нурматова.

Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×