Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 07.04.2019 22:38 На русском

Кызыл-Кыя шаарында Апрель элдик революциясына арналган митинг-реквием өттү (сүрөт)

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын борбордук аянтында Апрель элдик революциясынын 9 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Митингди Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаев ачты. Шаардын студенттери тарабынан 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуяларды чагылдырган сахналаштырылган атайын программа (көркөм окуу, патриоттук ырлар) тартууланды. Революциянын 3 катышуучусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 миң сом акча каражаты тапшырылды. Иш-чаранын соңунда революциянын 9 жылдыгына жана Кыргызстандагы дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган спорттук мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Митинг-реквиемден кийин шаарда ишембилик өткөрүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналган эстеликтин жанына бак-дарактардын көчөттөрү жана гүлдөр отургузулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×